Кыргыз жигиттери “Румыния таланттарды издейт” сынагына катышып, дароо жарым финалга өттү

Кыргыз жигиттеринен турган “Art of robots” тобу “Румыния таланттарды издейт” сынагына катышып, дароо эле жарым финалга өттү. Бул тууралуу аталган топтун мүчөсү Нурсултан Абилов SUPERTV`га билдирди.

“Сынак өткөн жылдын ноябрь айында орун алган, эфирден кечээ күнү көрсөтүлдү. Биз 1-турда көрсөткөн номерлерибиз калыстарга жагып, алтын баскычты басышты. Мындан улам дароо жарым финалга өттүк. Жарым финал май айында болот. Азыр ошого даярдык көрүп жатабыз”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, “Art of robots” тобу Нурсултан Абилов, Салават Алыкулов, Рахман Эргешбеков жана Ринат Исраилов деген мырзалардан турат. Алардын машыктыруучулары Азамат, Саламат Абдрахмановдор.