Кыргыз-казак төкмө акындардын айтышында байге ээлери аныкталды

Кечээ, 31-августта президенттин колдоосу менен өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына, Рахматулла Козукеевдин 70 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындардын XVIII эл аралык айтышы жыйынтыкталды.

Жалпы фонду 3 миллион сомду түзгөн айтыштын байге ээлери төмөнкүлөр болду:

Кыргыз акындары арасында:

• Баш байге — Мамбеттокто Мамбеторозо уулу;

• 1-орун — Нурсултан Малдыбаев;

• 2-орун — Акматбек Султан уулу;

• 3-орун — Нурайым Бактияр кызы.

Казак акындары арасында:

• Баш байге — Нурлан Эсенкул;

• 1-орун — Дидар Камиев;

• 2-орун — Хазырет Бердихан;

• 3-орун — Нурзат Кару.