“Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын бири Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 2-даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Коштошуу зыйнатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, анын ичинен кино тармагынын өкүлдөрү, Геннадий Базаровдун жакындары жана күйөрмандары катышты.

Министр Геннадий Базаров Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда окуп жүргөндө дипломдук ишин “Саманчынын жолу” толук метраждуу көркөм тасмасын жаратканда эле чыгармачылык дараметин, талантын көрсөткөнүн, ал кезде болгону 24 жашта экенин баса белгиледи.

Геннадий Базаров кечээ, 6-февралда каза болгон, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.