Кыргыз кызы тарыхта биринчи жолу Азиянын эң ири модель фестивалында башкы сыйлыкты алды

«Тарыхта биринчи жолу «Asia model festival» сынагында кыргызстандык модель Гран-При алды. Ванесса, куттуктайм». Бул тууралуу аталган сынакка конок жана калыс катары чакырылган ырчы Чолпон Талипбек соцтармактагы баракчасында жазды.

Толкунбек кызы Ванесса Түштүк Кореяда өткөн «Face of Asia 2022» эл аралык сулуулук сынагына катышып, башкы сыйлыкты жеңди.