Кыргыз-орус актёрлору катышкан тасма тартылып баштады (видео)

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров «Здравствуй, папа» аттуу лирикалык комедия тартып баштады.

Комедияда Самат Эркинбеков башкы ролду жаратып, ошондой эле Айжан Аденова, Шумкар Бейшеналиев, Назира Айтбекова, Аскат Сулайманов, Таалайкан Абазова жана башкалар, орусиялык актёрлор Юрий Оборотов, Алиса Рыжкина тартылмакчы.

Буга чейин Самат Эркинбеков SUPER TV каналына маек берип жатып орусиялыктар менен биргеликте жаңы тасма тартылары тууралуу айткан.