Кыргыз-өзбек куудулдары футболдук мелдеш өткөрүштү

Кечээ, 29-май күнү Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда өзбек-кыргыз элинин достугун даңазалаган шоу-концерт менен коштолгон футболдук мелдеш болуп өттү. Уюштуруучу, куудул Борончу Кудайбергенов оюн тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү биилдирди.

«Оюн абдан жакшы деңгээлде өттү. Өзбектерден жалпы 17 куудул келди, алардын 15и популярдуулар. Бизде гастролдо жүргөн 2-3 куудулдан башка баары катышты. Оюн 5:5 эсебинде болуп, достук жеңди. Шоу концерт, футболдук турнирден соң конокторду сыйлап, узатып койдук», — дейт Борончу мырза.