Кыргыз-өзбек куудулдары Орусияны кыдырып концерт берет

Куудул Борончу Кудайбергенов өзбекстандык кесиптеши Аваз Охун менен биргеликте Орусияны түрө кыдырып концерт бермекчи.

«Эки элдин ынтымагын даңазалап, өзбекстандык куудул Аваз Охун экөөбүз Орусияны кыдырып концерт берели деп жатабыз. Концертте жеке чыгып, стендап айтабыз, дагы башка кызыктуу программалар коштолот. Гастролду 9-июль күнү Москва шаарынан баштайбыз», — дейт Борончу Кудайбергенов.