Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмонов көз жумду

Кечээ, 26-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан. 1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 28-мартта Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.