75 жашка толгон Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаевге ат тартуулашты

14-майда Кыргыз улуттук «Манас» театры Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы Жолболду Алыбаевди 75 жаш кутман курагы менен куттуктап, залкар обончуга ат тартуу кылышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевди куттуктоо менен бирге, залкар инсандын талантына таазим кылып кадырлап, сыйлагандыгы үчүн Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу жетектеген театрдын жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Жолболду Алыбаевдин 75 жашка толушуна карата 13-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң программадагы концерт өтүп, анда автордун жеке аткаруусунда, ошондой эле кыргыз элине белгилүү бир катар ырчылардын аткаруусунда Жолболду Алыбаевдин обонуна таандык ырлар ырдалды.