Кыргыз Эл артисти Реджабай Таджибаев 73 жашында көз жумду

73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын актёру Реджабай Таджибаев кечээ, 9-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Реджабай Таджибаев 1950-жылы Ош шаарында туулган. Ал эмгек жолун 1972-жылдан тарта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында драма артисти катары баштап, өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда эмгектенди.

Драма актёру катары “Кожо Насреддин” спектаклинде Кожо Насреддиндин ролун аткарып, Оштун “Кожо Насреддини” катары таанылса, Акрамдын «Адилет» спектаклинде кичинекей баланын, Абдулланын “Тахир жана Зухра” спектаклинде Кара баатырдын, Яшиндин “Нурхон” спектаклинде Маматтын, Хакимов “Бул чалдар — жаман чалдар” спектаклинде Махкамдын, Садыковдун “Айкөл Манас” спектаклинде Алманбеттин, Раевдин “Таажы” спектаклинде Караандын, Садыковдун “Бабур” спектаклинде Шайбанинин ролун чеберчилик менен аткарып, көптөгөн чет өлкөлүк режиссерлордун да назарына түшкөн.

1990-жылы ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы, 2009-жылы «Даңк» медалы менен ал эми 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” жогорку наамы ыйгарылган.