Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Узатуу зыйнатына Маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты. Министр сүйлөп жатып, анын чыгармачылыгына жана кеңири дүйнө таанымына токтолуп, анын жөнөкөйлүгү жана башкалардан жогорку интеллектиси менен айырмалана турганын, адамдык парасаты кайгырууу менен эскерди.

Марат Сарулу 9-мартта күтүүсүздөн дүйнө салган. Маркумдун сөөгү мамлекетттик “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди. Соңку жылдары ал Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Кино» кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.