Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын продюсери Чынара Итигулова тастыктады. Анын айтымында, Малик Аликеев акыркы учурда ооруп жүргөн.

Редакцияга байланышкан айылдаштарынын айтымында, учурда айылда боз үй тигилип жатат.

Ырчы Малик Аликеев 1969-жылы 6-июлда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Малик Аликеевдин жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.