«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын кимдер алды? Тизме

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, төмөнкү адамдар “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамын алышты:

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамы:

 

Акматалиев Бердибек Качкынович А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор артисти;

 

Дуйшеев Туратбек Мукашович Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн аскер оркестринин солисти;

 

Жамантаева Басбүбү Абдываповна А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын директорунун орун басары;

 

Кыдыраалиев Муратбек Төлөевич М. Рыскулов атындагы Нарын облустук мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрынын артисти;

 

Мамытова Кишимжан Жакыповна

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Н. Борошов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси;

 

Мукушева Фатима Ивановна А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жогорку категориядагы артисти;

 

Осмонова Айсалкын Азизовна Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;