Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева көз жумду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абдубачаева Райма Исмаилбековна 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Райма Исмаилбековна 1948-жылы 13-август күнү Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Исмаилбек Абдубачаев Москва шаарындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси — Даркүл Күйүкова.

Ата-энесинен таасирленген Райма Абдубаечаева 7 жашында Кыргыз драм театрына кирип, жаш жеткинчектердин образдарын жарата баштаган. Ошол себептен аны театралдык амплуасын — “травести” балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыздардын да, балдардын да ролдорун, ошондой эле эркектин костюмун кийүүнү талап кылган ролдорду ойногон актриса деп аныкташкан. Кийинчерээк балдардын ролу менен чектелбестен чал, кемпир, келин, энелердин образдарын аткарып келген.

Актрисалык менен чектелбестен 1967-1971-жылдары Москвадагы Мамлекеттик Маданият институттун режиссердук бөлүмүн аяктаган. 1972-1985-жылдары Ош драмтеатрында актриса, 1985-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенген. 1963-жылы Москва шаарында өткөн декадага Академиялык драма театры менен барып «Атанын тагдыры» спектаклинде Жеңишбекти, «Саманчынын жолунда» Жанболотту ойноп, күйөрмандардын арзуусуна айланган. 1978-жылы Москвага Ош облустук драмтеатрынын отчеттук гастролу менен барып «Ак кеме» спектаклинде Нургазынын образын жаратып, мыкты аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак Грамотсы менен сыйланган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.

Коштошуу зыйнаты эртең, 11-ноябрда саат 10:00до Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.