Кыргыз стендапчылары биринчи жолу Берлинде концерт уюштурушту

10-февралда Германиянын Берлин шаарында кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен куудулдар Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаевдин катышуусунда «Kyrgyz Stand Up» концертин уюштурду. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго, ошондой эле Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасына иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай иш-чаралар жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырарын баса белгиледи. Бул демилгелер эне тилге болгон сый-урматты чыңдоого, ошондой эле анын заманбап дүйнөдө сакталып, өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Аталган иш-чара Германияда жашаган мекендештер арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында өткөрүлдү.