Кыргыз тасмасы Эл аралык мобилдүү блокбастерлер фестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында маалымдалды.
«Мыкты тасма» номинациясында (12 мүнөткө чейин кыска метраждуу фильм) бул сезондун башкы жеңүүчүсү «Present for Future» видеосу менен Кыргызстандын командасы болду. Бул смартфондо тартылган кыска метраждуу фильмдердин фестивалы. Быйылкы фильмдердин темасы “Эркиндик руху”. Катышуучулардын эмгектерин киноиндустриянын, өндүрүштүн жана режиссуранын профессионалдарынан турган калыстар тобу баалашты.
Бул жылы дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн катышуучулары 58 эмгегин жөнөтүшкөн. Мобилдик блокбастер фильм фестивалы Казакстанда үчүнчү жолу өттү.