Кыргыз тасмасы Түркмөнстанда 2-орун алды. Аны Бурак Өзчивит жарыялады (видео)

14-15-октябрь күндөрү Аркадаг шаарында “Аркадаг таңы” эл аралык кинофестивалы өттү. Аны Түркмөнстандын Телевидение, радио уктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитети уюштурду.

Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Франция жана Түркмөнстандын актёрлору, режиссерлору, продюсерлери, кино жана театр жылдыздары, кинорежиссерлор катышты. Бурак Өзчивит, Мехмет Боздаг жана Эдуард Монтут тартуу талаасында көргөн кыйынчылыктарын айтып, келечектеги актёрлорго кеңештерин беришти.

Акыркы күнү, 15-октябрда эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Кинофестивалда 1-орунду түркмөн режиссеру Сапардурды Аннаевдин “Кагыза жазылан ыкбал” (Кагазга жазылган тагдыр) тасмасы алды.

2-орун – Кыргызстан – «Gelin heýkeli» тасмасы. 

3-орун – Казакстан – «Sary ömür» тасмасы алды.