Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоо иштеринен кийин ачылды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун (“Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде) «Төлгө» спектакли менен ачты. Анын ачылышы айкелчи Тамила Маматова жасаган атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу менен коштолду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Жаңы сахналаштырылган спектаклге бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана кеңири коомчулук катышты. Спектакль алдында маданият министри Азамат Жаманкулов көрүүчүлөргө оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр өз күйөрмандарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып, кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирди.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 2019-жылы оңдоп-түзөөгө жабылган болчу.