«Кыргызфильм» киностудиясы малайзиялык кинокомпания менен кызматташууга кол койду

Кечээ, 23-июнь күнү Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы менен Малайзия мамлекетинин KL Television Network Sdn. Bhd. компаниясынын ортосунда келишим түзүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кино тармагы боюнча биргелешип тасма өндүрүү, эки өлкөнүн тасмаларын жүгүртүү, тажрыйба алмашуу сыяктуу маселелерди ишке ашыруу максатында компаниянын жетекчиси менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.