«Кыргызмын деген инсандар келишет». Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада жолугушуу өткөрөт

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада жолугушуу өткөрөт. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жубайы Ырыс Окенова тастыктады.

Маалыматка караганда, жолугушуу 26-ноябрда Измайлов шоссесиндеги чайханада саат 12:00дө башталат. «Манас угуп, салт-нарк, санжыраны сүйлөшүп, мекенден алыс болсо дагы Кыргызстанды ойлогон, кыргызмын деген инсандар келишет. Көп учурда Дөөлөткө жолугабыз, Манас угабыз деп кайрылып турушат. Москвада балдарына кыргыз тилин үйрөткүсү келген ата энелер дагы бар экен», — деди жубайы.