«Кыргызстан боюнча 1-орундабыз». Айгерим Расул кызынын Инстаграмдагы катталуучуларынын саны 5 миллионго жетти

Ырчы Айгерим Расул кызынын Инстаграмдагы катталуучуларынын саны 5 миллионго жетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ура, биз 5 миллион болдук. Кыргызстан боюнча 1-орундабыз. Ар бир катталуучума ыраазычылык билдирем! Ар бир куттуктооңуздарды окуп жатам. Жашоодо ийгиликке жетүү көпчүлүктүн эң башкы максаты. Бирок эң кыйыны ал ийгиликке жетүү эмес, ошол ийгиликтин туу чокусунда жылдар бою кармалып калуу. Андыктан эч качан бир максатка жеткенден кийин токтобоңуздар, ар дайым алдыга гана умтулуңуздар», — деп жазды ал.