«Кыргызстан, мен сени сүйөм!» Италиялык популярдуу ТикТокер SUPERTV каналына маек берди (видео)

Акыркы кезде кыргыз ырларына ашык болуп байма-бай баракчасына чыгарган италиялык популярдуу ТикТокчу Алессандро Карусо менен SUPERTV каналы байланышып, эксклюзивдүү маек алды. Италияда жашаган мекендешибиз Султанбек Рысбеков атайын SUPERTV каналы үчүн кыргыз ырларын дүйнөгө таанытып жаткан ТикТокер менен жолукту.

Маектин толук версиясын бир нече сааттан кийин SUPERTV каналынан көрө аласыздар. Ага чейин Алессандро мырзанын аткаруусунда Бек Борбиевдин «Кыргызстан» аттуу ырын угуп туруңуздар :).

P.S. Карусо мырзанын «Кыргызстан» аттуу ырынын видеосунун астына казакстандыкпыз деген катталуучулардын «биздин да ырларды аткарыңыз» деп жазгандары жылмаюу тартуулабай койбойт.