Өлкөдө алгачкы жолу тайган көргөзмөсү өтөт

15-июнда кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдарды жана артефакттарды чагылдырган тематикалык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө 15-июнда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде өтөт. Ага ардагер тайганчылар катышып, манасчылардын, чыгармачыл топтордун катышуусу менен жана архивдик, заманбап фото-видеоматериалдарды көрсөтүү менен коштолот. 2018-жылдан бери “Кыргыз тайганы” долбоорун ишке ашыруу учурунда көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар аныкталган. Бул көргөзмө аркылуу коомчулуктун кеңири катмарына тайган тууралуу анык маалыматтар жеткирүү пландалууда. Учурда көргөзмөгө тайган жөнүндө маалыматтарды чагылдырган түрдүү экспонаттарды кабыл алуу жүрүп жатат. Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдар бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар каралган.

Көргөзмө15-июндан 30 июнга чейин өтөт.