Кыргызстанда биринчи жолу. Айгерим Расул кызынын баракчасына катталгандардын саны 3 миллионго жетти

Айгерим Расул кызынын Инстаграм социалдык тармагындагы жеке баракчасы Кыргызстанда 3 миллион катталуучу топтогон алгачкы баракча болду.

Ырчы бул кубанычтуу кабары менен бөлүшүп, “Кыргызстанда алгачкы 3 000 000. Мен абдан кубанычтамын. Мага катталган ар бир окурманыма өзгөчө ыраазымын! Ынтымагыбыз бекем болуп, саныңыздар көбөйүп, өсө берсин! А мен сиздерге жалаң гана жакшы жаңылыктарымды бөлүшүп, сырдашып жүрө берейин” деп жазды.

Айгерим Расул кызынын баракчасынан соң катталуучулардын саны 3 миллионго жакын калган алгачкы үчтүккө ырчылар Анжелика (2,8 миллион), Асел Кадырбекова (2,6 миллион), Самара Каримова жана Нурлан Насип (2,5 миллион) кирет.