Өлкөдө биринчи жолу ырчылар менен музыканттардын жеке бирикмеси пайда болду

Өлкөдө биринчи жолу ырчылар менен музыканттардын жеке бирикмеси пайда болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева билдирди.

«Бул авторлордун укугун коргоп, аларга шык берет. Өзүңөр билгендей, биздин ырчылардын ырлары кафе-ресторандарда уруксаты жок эле жаңырат. Ар бир авторго тиешелүү сый акы болушу керек. Эң башкысы оргиналдуу контент жаралат. Анан ырчылардын ырлары бир гана тойго эмес, өзгөчө ырларды жаратабыз деп ойлойм», — деди бирикменин мүчөсү Урмат Борченов. 

Асел Турдалиева автордук укукту коргоо жаатында бир топ көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Плагиат кеңири жайылган. Ошондуктан, шоу-бизнес өкүлдөрүн камтыган жеке интеллектуалдык менчик ассоциациясын түзүү зарыл болгон. Ага Кыргыз жараны эле эмес, каалаган ырчы кошула алат.