Кыргызстанда Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы өтүүдө

Бишкекте Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI  фестивалы башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Фестиваль улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлде алып чыгуу жана жандандыруу максатында иштелип чыккан жана президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын белгиледи.

Фестиваль эки компоненттен турат. Биринчи бөлүктө «Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: мифологиялык семантиканы жана типологияны изилдөө аспектилери» аттуу илимий-практикалык симпозиум өткөрүлүп, анын натыйжасында дүйнө элдеринин эпикалык салттары кеңири талкууланмакчы, жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынат, ошондой эле «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек столу өтөт. Экинчи компоненттин алкагында «Кыргыз Көчү» этнографиялык айылында «Мыкты боз үй», «Мыкты Семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынагы өтөт.  Фестиваль 2021-жылдын 25-сентябрына чейин созулат жана концерттер жана улуттук оюндар менен коштолот. Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.