Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мекемелерде жана коомдук иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Буйрукка 2022-жылдын 30-декабрында Маданият министри Алтынбек Максүтов кол койгон.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театрларда, спорт мекемелеринде, филармонияда, концерттик залдарда, кинотеатрларда, клуб, музей, китепканаларда), концерттик программаларда, маданий-массалык иш-чараларда өздөрүнүн же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруулар 2023-жылдын 1-январынан баштап жандуу аткарылышы керек»,- деп айтылат маалыматта.