Кыргызстанда сынга кабылган «Күн кармаган бала» спектакли Бакуда баш байгени жеңди

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Чыгармачыл топ Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли менен катышары маалымдалган болчу. Бул спектакль IX эл аралык «Арт-Ордо» театр фестивалында баш байгени багындырган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев спекталь учурунда жылаңач болуп турган эпизод тууралуу сөз сүйлөп, чара көрүлүшү керектигин билдирген. Ал эми маданият министри аталган спектаклди көрүүнү сунуштап, балким көргөндөн кийин пикир өзгөрөрүн билдирген.