Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине уюштуруучулар билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара Бишкек шаарында 26-28-май аралыгында орун алат.
Биринчи күнү: 26.05.2022
Өтө турган жери: Бишкек шаары, “Манас” кинотеатры
11:00-11:40 Жашыл килем
12:00-14:00 Салтанаттуу ачылыш аземи
Кино көрүү: “Салам, жайлоо”
Кинофорумдун ачылыш аземинде белгилүү айым-режиссёр Клара Юсупжанованын “Салам, жайлоо” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Тасмада алыскы жайлоодогу малчылар менен чабандардын турмушу жана алардын татаал кесиби баяндалат.
Дискуссиялык клуб
Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү
16:00-18:00 “Дүйнө айымдардын көз карашы менен”
Спикерлер: Кыргызстандын киноиндустриясындагы айымдар: Төлөйкан Исмаилова, Гульмира Керимова, Гульбара Төлөмүшова, Дальмира Тилепбергенова.
Экинчи күн: 27.05.2022
Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатры
Кино көрсөтүү: 14 тасма көрсөтүлөт. Кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Тасмалар көрсөтүлгөн сон, режиссёрлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп болмокчу.
Үчүнчү күн: 28.05.2022
Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү
10:00-12:00 Галина жана Анна Евтушенколордун биргеликте мастер-классы.
14:00-16:00 Анна Евтушенконун мастер-классы.
Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатр
18:00-19:20 Кинофорумдун салтанаттуу жабылышы;
Белгилей кетсек, III Кинофорумга Орусиядан режиссёр-документалист Галина Евтушенко жана «Россия» кинофестивалынын директору Инна Демежко, Беларустан режиссёр-документалист Галина Адамович келишет. Ошондой эле Казакстандан катышуучулар келери күтүлүүдө.