Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт

Кыргызстандагы айым режиссёрлордун кинофоруму өтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине уюштуруучулар билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара Бишкек шаарында 26-28-май аралыгында орун алат.

Биринчи күнү: 26.05.2022

Өтө турган жери: Бишкек шаары, “Манас” кинотеатры

11:00-11:40 Жашыл килем

12:00-14:00 Салтанаттуу ачылыш аземи

Кино көрүү: “Салам, жайлоо”

Кинофорумдун ачылыш аземинде белгилүү айым-режиссёр Клара Юсупжанованын “Салам, жайлоо” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Тасмада алыскы жайлоодогу малчылар менен чабандардын турмушу жана алардын татаал кесиби баяндалат.

Дискуссиялык клуб

Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү

16:00-18:00 “Дүйнө айымдардын көз карашы менен”

Спикерлер: Кыргызстандын киноиндустриясындагы айымдар: Төлөйкан Исмаилова, Гульмира Керимова, Гульбара Төлөмүшова, Дальмира Тилепбергенова. 

Экинчи күн: 27.05.2022

Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатры

Кино көрсөтүү: 14 тасма көрсөтүлөт. Кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Тасмалар көрсөтүлгөн сон, режиссёрлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп болмокчу.

Үчүнчү күн: 28.05.2022

Өтө турган жери: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү

10:00-12:00 Галина жана Анна Евтушенколордун биргеликте мастер-классы.

14:00-16:00 Анна Евтушенконун мастер-классы.

 Өтө турган жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатр

18:00-19:20 Кинофорумдун салтанаттуу жабылышы;

Белгилей кетсек, III Кинофорумга Орусиядан режиссёр-документалист Галина Евтушенко жана «Россия» кинофестивалынын директору Инна Демежко, Беларустан режиссёр-документалист Галина Адамович келишет. Ошондой эле Казакстандан катышуучулар келери күтүлүүдө.