Кыргызстандык 10 жаштагы Насыйкат Баймырзаева “Витебск-2023” сынагында 3-орунду ээледи

Кыргызстандык 10 жаштагы Насыйкат Баймырзаева Витебск шаарындагы «Славян базары» фестивалынын алкагында өткөн XXI Эл аралык балдар музыкалык “Витебск-2023” сынагында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, сынакка дүйнөнүн 18 мамлекетинен 8-14 жаштагы таланттуу балдар катышкан. 

Сынактын биринчи күнүндө катышуучулар эстрадалык-симфониялык оркестрдин коштоосунда өнөрлөрүн тартуулашты, анда Насыйкат Эльзанын «Отпусти и забудь» аттуу ырын ырдаса, экинчи күнү катышуучулар өз тилиндеги ырларды аткарышты. Катышуучу «Энекемай» ырын ырдады.