Кыргызстандык 2 музыкантка Өзбекстандын мамлекеттик наамдары ыйгарылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын 2 музыкантына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койду.

«Өзбекстан Республикасынын Эл артисти» наамын Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Өмүрбаев Нур Санташевич алды.

«Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын комузчу Дүйшөнбек уулу Закирбекке ыйгарылды.