Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» долбоорунун финалына өттү

Кыргызстандык Александр Волкодав Орусиянын «Голос» долбооруна катышууну улантууда. Бир күн мурун ал финалга өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Юлия Кошкина 91,6 пайыз, Александр Волкодав 108,4 пайыз алды.

Кыргызстандык «Черный ворон» ырын ырдады. Ырдын көптөгөн варианттары бар, биринчиси 19-кылымда жарык көргөн. 1934-жылы бул ыр Габриэль Поповдун аранжировкасында «Чапаев» тасмасында аткарылган. Финал 30-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да болот.