Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» шоусунун кийинки баскычына өттү (видео)

Александр Волкодав «Голос» шоусунун кийинки баскычына өттү. Ал «Чиж & Ко» тобунун «Полонеза» ырын аткарган.

Берүү 18-ноябрда жаздырылган. Анда 28-ноябрда каза болгон Александр Градский насаатчылардын арасында болчу. Программанын башында алып баруучу Дмитрий Нагиев Александр Градскийдин өлүмүн чоң трагедия деп атады.

Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки баскычка өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин «Урга» аттуу ырын аткарды. Бул ыр 1991-жылы «Оскар» жана «Алтын глобус» сыйлыктарына көрсөтүлгөн Никита Михалковдун «Урга — Территория любви» тасмасына жазылган. Композиция 2001-жылы чыккан «Клон» сериясынан «Жади темасы» катары популярдуу болгон.