Кыргызстандык дизайнер Арзубек Италиядагы мода жумалыгына катышып жатат (сүрөт)

Кыргызстандык дизайнер Арзубек VONAMA Италиянын Милан шаарында «Milan Fashion Week 2021-2022» мода жумалыгына катышып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дизайнер өзү билдирди.

Анын айтымында, Италияда дүйнөнүн төрт бурчунан барган дизайнерлер өз эмгектерин сунушташты.

«Менин Миланга болгон биринчи сапарым болгондуктан, белгилүү бренддер менен келишим түздүм. Буйруса, февраль айында стажировка болот. Мода компаниялар, журналдар, моделдик агенттиктер менен сүйлөшүүлөр болду. Максатым Кыргыз модасын дүйнөлүк аренага чыгаруу», — деди ал.