Кыргызстандык дизайнер Арзубек Вонама Дубайдагы мода жумалыгына катышууда

Кыргызстандык дизайнер Арзубек Вонама Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн «DUBAI Fashion Week 2022» аталышындагы мода жумалыгына катышууда. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.

“Мода жумалыгы 21-24-март аралыгы болот. Эл аралык көргөзмө болгондуктан ар кайсы өлкөнүн дизайнерлери катышып, өздөрүнө таандык бренддерди тааныштырууда. Ал эми мен өлкөбүздүн атынан кыргыз кыздарына арналган заманбап, этно стилдеги кийимдерди сунуштадым. Мен бул көргөзмөгө өз каражатым менен катыштым. Анткени кыргыз кийимдери дүйнөлүк аренага чыкса экен дейм”, — деди ал.