Кыргызстандык бийкеч эл аралык “Miss Cosmo-2024” сулуулар конкурсуна катышат

Кыргызстандык Екатерина Заболотнова эл аралык “Miss Cosmo-2024” сулуулар конкурсуна катышат. Бул тууралуу сулуулар сынагынын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, сынак Вьетнамда өтөт жана ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн сулуулар барат. Алар баш байге — 100 миң доллар үчүн күч сынашат.

Кыргызстандык бийкеч “Кыргызстан сулуусу — 2019” титулунун ээси, “Аалам периси — 2019” жана “Жер сулуусу — 2021” сынактарына катышкан. Екатерина Заболотнова соңку үч жылда Түштүк Кореяда жашап, модель болуп иштеп келет.