Кыргызстандык Екатерина Заболотнова «Жер сулуусу-2021» сулуулук сынагына катышып жатат

Кыргызстандык Екатерина Заболотнова «Жер сулуусу-2021» сулуулук сынагына катышып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, «Жер сулуусу» сынагы «Аалам сулуусу» жана «Дүйнө сулуусу» сынактары менен тең тайлаш. Бул сынактын баалуулугу – биздин планетанын экологиясын коргоо жана сактоо.

«Сынак мен үчүн чоң мааниге ээ, анткени менин ишим табигый кездемелерден утилизациялангандан кийин зыяны жок нерселерди жасоого түздөн-түз байланыштуу. Пандемия учурунда жаңы колдонулбаган кездемеден жана таза пахтадан маскаларды тигип, ыктыярчылар тобу менен аларды шаарга тараттык. Ошондой эле, Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаар катары бир нече жолу тизменин башында турган жана бул чындап эле чоң көйгөй, бул тууралуу айтып, чечүү жолдорун издөө керек. Анткени экология маселеси мамлекеттен гана эмес, өзүбүздөн да көз каранды”, — дейт катышуучу.

«Жер сулуусу-2021» сынагына 90 мамлекеттин сулуулары катышат. Сынак башталган, финал 21-ноябрда болот. Ал жыл сайын Филиппинде өтүп келсе, акыркы жылдары дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде өтүп келет. Онлайн долбоордун артыкчылыгы – ар бир адам тандоонун ар бир этабына көрүүчү болуп, өз өлкөсүн колдой алат.