Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Екатеринбургда Заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:
— Аялдын мыкты ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова алды;
— Экинчи пландагы эң мыкты актрисаны Марина Фальман алды.