Кыргызстан менен Казакстан жылдыздарынын ортосунда футболдук беттеш өтөт

5-июлда кыргыз-казак блогер, ырчы, актёрлорунун ортосунда футболдук беттеш болот. Мелдештеги кызыктуу маалыматтар тууралуу турнирдин уюштуруучусу Максат Садырбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Кыргызстандык жылдыздардан чогулган команда «Top Team KG» деп аталат. Команданын курамында Эрмек Кененсаров, Мыктыбек Мукаев, Актан Рыскелдиев, Майрамбек уулу Жеңиш, Азамат Уланов жана башка КВНчи, актёр, ырчы, блогерлер бар. Ал эми биздин атаандаштар Казакстандан чыккан «One Game» командасы болмокчу. Анда популярдуу ырчы, ТикТокчу Даня Милохин баш болгон Ерлан Пиримбетов, Женис Имангалиев, Еркебулан Ахметбек, Арнат Утепбергенов жана башка блогер, КВНчи, ТикТокчу, спортчулар болот. «Дордой» спорт комплексинде орун алган беттеш шоу-программа менен коштолот.

Эки өлкөнүн жылдыздарынын арасында шоу-матч өткөрүү менен биз кыргыз спортуна жаңылыктарды киргизип, кыргыз футболунун популярдуулугун арттыргыбыз келет», — дейт Максат Садырбеков.