Кыргызстандык каскадёрлор эл аралык сыйлыкка ээ болушту

«Nomad Stunts» эл аралык каскадёрлор тобунун курамындагы кыргыз каскадёрлору «Томирис» тасмасындагы мыкты иш-аракеттери үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болушту.

2020-жылы Жайдарбек Кунгужинов башында турган эл аралык «Nomad Stunts» каскадёрлор тобу Акан Сатаев тарткан «Томирис» тарыхый драмасында трюктарды койгону үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Каскадёрлор Академиясы (АКШ) тарабынан негизделген «Taurus» сыйлыгын жеңип алышты. Сыйлык тапшыруу аземи салттуу түрдө Лос-Анжелес шаарында «Paramount» студиясында өтүп келген. Бирок быйыл пандемияга байланыштуу салтанаттуу иш-чара онлайн режиминде өттү.

Сыйлыкты «Red Bull» компаниясынын негиздөөчүсү Дитрих Матешиц негиздеген. Ар бир номинация боюнча байге ээлерине берилүүчү статуэтканы австриялык сүрөтчү Йос Пиркнер жасаган (статуэтканын салмагы — 12 кг, узундугу — 80 см).

«Taurus» сыйлыгы кинотасмада трюктарды коюу жана аткаруу жаатындагы жетишкендиктери үчүн каскадёр, экшн коюучу режиссёрлорго 2001-жылдан бери берилип келет жана «каскадёрлордун Оскары» деп эсептелет.

«Томирис» — казак көркөм тасмасы. Режиссёр Акан Сатаев Массагет ханышасы жана Улуу Кир жөнүндө баяндайт. Фильмдин бет ачары 2019-жылдын сентябрь айында болгон.