Модель Аскат Осмонов «Face of Asia» эл аралык сынагында алдыңкы ондукка кирди

Буга чейин кыргызстандык моделдер Аскат Осмонов менен Аяна Абдаева «Face of Asia» эл аралык сынагына катышып жатышканы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги сынактын катышуучусу Аскат Осмонов менен байланышканда, анын топ-10го киргени маалым болду.

«18-декабрдагы жыйынтык менен мен топ-10го кирдим. Мырзалар арасында 1-орунду кореялык катышуучу багындырды. Кыздар арасында 1-орунду өзбекстандык катышуучу алды. Ал эми гран-приге монголиялык катышуучу ээ болду. Эми топ-10го киргендер контракт менен Кореяга учат. Кыргызстандан катышкан экөөбүз тең спонсордук сыйлыктарга ээ болдук», — деди ал. 

Сынак коронавирус пандемиясына байланыштуу Кореяда онлайн режиминде өттү. Анын тандоо туруна Кыргызстандан 200дөн ашуун катышуучу катышкан, бирок 2 гана модель өткөн.