Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстандагы «Голос» долбоорунун катышуучусу болду (видео)

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстанда «Голос» вокалдык долбооруна катышуучу катары кирди. Видео YouTube каналына жарыяланды.

Көрбөй тандоодо ал соул-музыканын классиктеринин бири Бен И Кингдин «Stand by me» ырын аткарды. Нуржигит Субанкуловду дароо эки насаатчы тандады. Долбоордун эрежесине ылайык, кимдин командасына кошулууну кааласа, аткаруучу өзү тандайт. Кыргызстандык ырчы Батырхан Маликовду тандады.

Эске салсак, Субанкулов 2019-жылы Орусиянын «Голос» долбооруна катышкан.