Кыргызстандык Оскар Султаналиев «Голос» сынагында калыстарды таң калтырды (видео)

65 жаштагы кыргызстандык Оскар Султаналиев Орусиянын башкы вокалдык шоусу «Голос 60+» сынагынын кастингинен өттү.

Көрбөй үнүн угуу кастингинде ал Sexbomb ырын аткарган. Ага 4 насаатчы тең кайрылышкан — Валерий Сюткин, Александр Малинин, Елена Ваенга жана Игорь Корнелюк.

«Мен Бишкектен болом. Профессионал музыкант эмесмин. Мен мурдагы спортчумун», — деди Султаналиев. Кыргызстандык Сюткиндин командасын тандады.