Кыргызстандык Разия Мансурова «Miss Intercontinental 2021» 49-эл аралык сулуулар сынагында эң мыкты 20 катышуучунун катарына кире алган жок. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.
Сынактын финалы 31-октябрда өттү. Филиппиндин өкүлү Синдерелла Фай Элле Обенито сулуулук ханышасы катары таанылды.
Сынакта байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:
— Колумбиядан Мария Полло Кастильо,
— Канадалык Кэйтлин Ли,
— Сейшелден Келли-Мэри Аннет,
— Англиялык Роми Симпкинс.