Кыргызстандык Разия Мансурова «Miss Intercontinental 2021» сынагынын топ-20 катышуучусуна кире албай калды

Кыргызстандык Разия Мансурова «Miss Intercontinental 2021» 49-эл аралык сулуулар сынагында эң мыкты 20 катышуучунун катарына кире алган жок. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.

Сынактын финалы 31-октябрда өттү. Филиппиндин өкүлү Синдерелла Фай Элле Обенито сулуулук ханышасы катары таанылды.

Сынакта байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:

— Колумбиядан Мария Полло Кастильо,

— Канадалык Кэйтлин Ли,

— Сейшелден Келли-Мэри Аннет,

— Англиялык Роми Симпкинс.