Кыргыз режиссёрунун «Мунабия» тасмасы Лондондогу фестивалда Гран-прини алды

Кыргызстандык режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» тасмасы кечээ, 28-июнда Лондондо аяктаган Eurasian Creative Guild фестивалынын Гран-присин жеңип алды. Бул тууралуу тасманын режиссеру социалдык тармактарда жарыялады. «Лондондон жакшы кабар келди» деп жазды ал.

«Мунабия» — бул кыргыз Ромео менен Жульеттанын сүйүү баяны, бирок каармандар жаш адамдар эмес, улуу курактагы адамдар. Казат Акматовдун ушул эле аталыштагы аңгемеси 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын адабий коомчулугу тарабынан «Жылдын мыкты чыгармасы» катары сыйланган.