Элдияр Мадаким режиссёрлук кылган «Сальвадор Дали» тасмасы АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын конкурстук программасына кирген. Бул тууралуу «Айтыш Фильмден» билдиришти.
Тактап айтканда, тасма Чикагодо (АКШ) 5-ноябрдан 14-ноябрга чейин өтүүчү Эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Бул дүйнөдөгү 40 өлкөдөн 250 тасма көрсөтүлгөн, жыл сайын өтүүчү балдар кинофестивалы. Мындан тышкары, тасма 12-ноябрдан 5-декабрга чейин боло турган Саппородогу 16-эл аралык кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалында жана кино базарында да сынакка тандалып алынган.