Кыргызстандык режиссёрдун «Сальвадор Дали» тасмасы АКШ менен Япониядагы фестивалга катышат

Элдияр Мадаким режиссёрлук кылган «Сальвадор Дали» тасмасы АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын конкурстук программасына кирген. Бул тууралуу «Айтыш Фильмден» билдиришти. 

Тактап айтканда, тасма Чикагодо (АКШ) 5-ноябрдан 14-ноябрга чейин өтүүчү Эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Бул дүйнөдөгү 40 өлкөдөн 250 тасма көрсөтүлгөн, жыл сайын өтүүчү балдар кинофестивалы. Мындан тышкары, тасма 12-ноябрдан 5-декабрга чейин боло турган Саппородогу 16-эл аралык кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалында жана кино базарында да сынакка тандалып алынган.