Кыргызстандык визажист Байнур Гоар Аветисяндын долбоорунан четтеп кала жаздады

Буга чейин кыргызстандык визажист Байнур дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисяндын Москва шаарында өтүп жаткан “Визажисттер таймашы” долбооруна катышып жатканы маалым болгон.

Бирок бул ирет ал таймаштан чыгып кала жаздады. Дегенибиз алардын ишинин жыйынтыгын карап, калыстар тобу анын долбоордон чыгаруу чечимине келишти. Бирок Гоар Аветисян Байнурга дагы бир мүмкүнчүлүк берип, аны долбоордо алып калууну чечкен. Ал калыстар тобунун мүчөсү катары долбоорго бир катышуучуну калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Визажисттин сөзүнөн кийин Байнур эси ооп жыгыла жаздады, аны башка катышуучулар көтөрүп кетишти.

Гоар Аветисян сынактын катышуучуларын беш күндүк марафон аркылуу тандап келет. Тагыраагы, өзү бир образда боёнуп сүрөтүн баракчасына жүктөйт. Ага окшош боёнуп, жеке баракчаларына жүктөгөн миңдеген талапкерлердин арасынан 12 адамды тандап алат. Долбоордун шарты боюнча, катышуучулар уюштуруучулар тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу керек. Алардын арасынан улам четтетилип отуруп, соңунда бир гана жеңүүчү калат.